• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Аты табылып, өзү жок. Ат-Башыда 21 жаштагы жигит дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда 21 жаштагы Э уулу А., аттуу жигит изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын 7-июлунда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болууда.

Учурда куткаруучулар аны Көк-Күмбөз, Ача тилкелеринен агып өткөн Ат-Башы дарыясынан издеп жатышат.

Жоголгон адамды издөөгө Ат-Башы райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы жетектеген 3 куткаруучу жана Ат-Башы РИИБнен 8 кызматкер чыгып кетишкен.

Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий