• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чүй облусунда “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Чүй облусунда “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өттү.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев катышып, форумда коомдогу кылмыштуулук коркунучун алдын алуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын алкагында Канат Жумагазиев Чүй ОИИБинин кызматкерлерине 20 кызматтык автоунааны тапшыруу аземине катышты.

Өз сөзүндө Канат Жумагазиев облуста кылмыштуулук, балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук менен гана күрөшпөстөн, коомдогу мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Анын айтымында, 2023-жылы Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына өлкө президентинин колдоосу менен өкүлчүлүктөн жалпы суммасы 26 млн 118 миң сомду түзгөн 82 заманбап планшет, 81 боди камера жана 1 маалымат чогултуучу сервер колдонууга берилген.

Ошондой эле облуста 138 видеокөзөмөл камералары орнотулган, анын 38и адамды жүзүн таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Андан тышкары Кант жана Кемин шаарларында бирден райондук ички иштер бөлүмү ишке киргизилди.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан соң Канат Жумагазиев Чүй облусунун мектептеринде иштеп жаткан «Манас», «Семетей», «Сейтек» мектеп уюмдарынын мүчөлөрү менен бейформал жагдайда жылуу баарлашты. Форумда отличниктер сергек жашоого жана мыйзамдарды сактоого үндөгөн өз өнөрлөрүн спектакль аркылуу тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий