• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте бир жумада 6,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бишкекте 25-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта 6 миң 571 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу – 59;

- терезесин караңгылатуу – 13;

- айдоочулук күбөлүгү жок 50 айдоочу автоунаа башкарган;

- техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу – 116;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар – 325;

- коопсуздук куруу жок унаа башкаруу – 1 720;

- башка эреже бузуулар – 4288. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 531 автоунаа айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий