• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аткезчилик жолу менен ташылып келген кургатылган жемиштер кармалды – Бажы кызматы

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/.Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери жалпы наркы дээрлик 2 млн сомду түзгөн аткезчилик жол менен ташылып келген товарларды кармашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Марказ айылында А.Ш.Б., аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 1840 LS 4x” үлгүсүндөгү транспорт каражаты чиркегичи менен токтотулуп, текшерилген.

Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 14000 кг кургатылган жемиштер табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 1 млн 900 миң сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий