Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 12-февралдан 18-февралга чейинки аралыкта 8 миң 79 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Кайгуул кызматынын билдирүүсүнө караганда, анын ичинен:
- мас абалында унаа башкаруу - 80;
- терезелерин караңгылатуу - 17;
- 154 айдоочу документ жок унаа башкарган;
- башка эреже бузуулар - 7 828.
Атайын айып унаа токтотуучу жайына 619 унаа токтотулган.
Пикир
Оставить комментарий