• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто баңгизат сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Ош шаарында баңгизатын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында баңгизатын таратуучу каналдардын биринин ишине бөгөт койду.

БМЖКККнын кызматкерлерине белгисиз адам Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында узак убакыттан бери баңгизат сатып, таратып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Алынган маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка тиешеси бар жаран аныкталып, ал мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон 1979-жылы туулган Ош шаарынын тургуну З.А., экендиги белгилүү болгон. Ал баңгизат менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык ыкчам-тергөө иштери жүргүзулгөн, тинтүү жүргүзүүгө соттун санкциясы алынган.

Тинтүү учурунда З.А. аттуу жарандын үйүнөн кара скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар баңги заты табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңги заты "гашиш" (чарс) болгондугу аныкталды, салмагы 968 граммды түздү.

Кармалган З.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий