Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 188 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-20-август күндөрү каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унааларга карата текшерүү жүргүзүлгөн.
Жол эрежесин бузган 188 чет өлкөлүк автоунаанын ичинен Россияныкы - 139, Арменияныкы - 16, Абхазияныкы - 8, Грузияныкы - 13, жети жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.
Аныкталган автоунаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта эреже бузган төрт автоунаа айып короосуна киргизилген.
Кайгуул кызматынан аталган багытта иштер улантыла тургандыгын кошумчалашты.
Пикир
Оставить комментарий