• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2-февралында Аламүдүн РИИБине 1985-жылы туулган Б.А. арыз менен кайрылып, анда 2-февраль күнү саат 13:00дөн 19:00гө чейинки убакыт аралыгында бирөөлөр үйүнүн терезесин сындырып кирип, 3800 долларын жана зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий