• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Сариева көрсөтмө берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.20./ Кабар/. Бүгүн, 28-январда Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Сотко көрсөтмө берүү үчүн Кыргызстандын мурдагы билим берүү жана илим министри Элвира Сариева чакыртылган. Ошол кезде ал КР президентинин аппаратынын башчысынын орун басары кызматын ээлеп турган.

Анын айтуусуна караганда, орун басарлык кызматты ээлеп турганда ал башка бөлүмдөрдү көзөмөлдөп турчу. Бирок, ал С.Исаков аталган маселе боюнча жыйын өткөргөндүгүн билет. "Мени ошол кездеги КР президент аппаратынын башчысы Фарид Ниязов чакырган. Социалдык блок боюнча бир нече суроо берилген кезде ал музей боюнча сураган. Ал мага бул маселе боюнча дайым кабардар болуп турушум керектигин айтып, мамлекеттик деңгээлдеги маселе экендигин жана өлкө башчысы үчүн да абдан маанилүү экендигин билдирген", - деп билдирди ал.

Сариева маалымдагандай, ал музейдин директору менен жолуккан. Анда директор музейдин концепциясын бекитүүдө кыйынчылыктар бар деп, көп тарыхчыларды тартуу мүмкүн болуп калышы керектигин айткан.

Андан тышкары, ал музейди оңдоп-түзөөгө байланыштуу президент менен жолугушуу болгондугун билдирди.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий