• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Атада тергөө абагынан качып кеткен жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.21 /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда божол менен саат 11:00дө Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Тилек Акматов Бишкекке жакын айланып өтмө жолдон кармалды.

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, ал тергөө абагынан качкандан кийин борбор калаанын аймагынан тиричилик техникасы бар унааны уурдай качкан.

Кайгуул милициясынын кызматкерлери кармалган жаранды Свердлов райондук ИИБге өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылы 10-октябрда болжол менен саат 07:09дар чамасында тергөө-камакка алынган 1995-жылы туулган Акматов Тилек Турсуналиевич Ысык-Ата райондук ички иштер органынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен. Ал 8-октябрда Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан уурдоо фактысы боюнча кармалган.

Пикир

Оставить комментарий