Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 208 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 208 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16нан 22-апрелге чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү автоунааларга текшерүү жүргүзүлгөн.

Кармалган 208 автоунаанын ичинен Россияныкы - 49, Арменияныкы - 10, Грузияныкы - 19, Абхазияныкы - 14, транзиттик номерлер - 100, 16 жана башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар.

Алардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай эреже бузган 6 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматы текшерүү иштерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий