• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир жыл аралыгында 800дөй люк уурдалган - мэрия тынчсызданууда

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Бир жыл аралыгында Бишкекте жаңы оңдолгон жолдорго орнотулган 800 люк жана темир торчо уурдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Бейбаштардан Лущихин, Күйүкова, Ахунбаев, Медеров, Токтоналиев, Алыкулов, Элебесов, Репин, Достоевский, Орто-Көчө жана башка көчөлөр жабыркаган. Борбордук көчөлөрдөгү жана жаңы конуштардагы темир торчолор дагы уурдалып жатат. Мурда машина жүргөн жолдордогу торчолорду алып кетишсе, эми аялдамадагыларды дагы уурдап жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы ички иштер органдарына, акимиаттарга жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына бир нече ирет кайрылганы менен бейбаштар табылган эмес.

“Азыркы убакта ууруларды табууга шаардыктар жардам берип жатышат. Боталиев көчөсүндө дагы бир уурдалган темир торчонун айынан люкка 2-класстын окуучусу түшүп кеткен. Күбөлөрдүн бири милицияга арыз жазып, ага катар өзү да иликтөө иштерин жүргүзгөн. Ал коңшулардын камерасына түшүп калган видеону дагы алган. Анда көрүнүп тургандай, "Такси" деген белгиси бар унаа менен келген эки адам темир торчону багажга салып кетишкен. Окуя 12-ноябрда саат 5:26да болгон", - деп билдиришти мэриядан.

Көп көчөлөрдү оңдоп-түзөгөн China Road and Bridge Corporation (Kyrgyzstan) компаниясы экени белгиленген. Ал компания люк менен темир торчолорду беш-алты жолу кайталап орнотуп берген. Бирок уурдалган люктар кемтик катары эсептелбегендиктен эми чыгымдар шаардык бюджеттин — салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөлөт.

Пикир

Оставить комментарий