Бишкекте биринчи жөө жүрүүчү Бродвей пайда болушу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунда жөө жүргүнчүлөр үчүн Бродвей куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Долбоорду Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов жана Бишкек шаардык Кеңештин депутаты Шаршенбай уулу Руслан жеринде талкуулашты.

Курулуш үчүн Гастелло көчөсү тандалып алынган, ал Медеров көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин 500 метрди түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө топографиялык сүрөткө тартуу, эскизди иштеп чыгуу, ошондой эле колдо болгон коммуникацияларды иликтөө чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий