• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте биринчи жолу IT Fest 2024 Cyber ​​​​Kyrgyzstan фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Бишкекте 20-21-ноябрда биринчи жолу IT Fest 2024 Cyber ​​​​Kyrgyzstan фестивалы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында КР Дрондор жана робототехника федерациясынын президенти Байзак Урмамбетов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара "Газпром" балдар үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында уюштурулат.

"Биз Татарстанда өткөн "Келечектеги оюндарга" катышуудан шыктандык жана ушундай эле иш-чараны Кыргызстанда да өткөрүүнү чечтик. Аталган фестивалдын алкагында биз өлкөнүн ЖОЖдорунун жана колледждеринин мыкты студенттерин аныктоо үчүн республикалык турнир уюштуруп жатабыз", - деп белгиледи Урмамбетов.

Фестивалга Кыргызстандагы 20дан ашык жогорку окуу жайлардын жана 20 колледждердин студенттери катышат.

Россиядан да көптөн бери робототехника менен алектенген өкүлдөр келишти. Алар тарабынан инновациялык мектепти ачуу үчүн керектүү элементтер каралган.

"Инлаб" компаниясынын директору Евгений Зархин алардын максаты инженердик билимди Кыргызстандын билим берүү процессине интеграциялоо экенин баса белгиледи.

"Биз студенттер роботторду гана жаратпастан, алардын максатын жана аларды колдонуу келечегин түшүнүшүн каалайбыз", - деп кошумчалады ал.

Фестивалдын максаты студенттерди эл аралык сынактарга катышууга даярдоо жана IT жана робототехника тармагында Кыргызстандын позициясын бекемдөө болуп саналат.

Мындан тышкары, Байзак Урмамбетов 2025-жылдын жай айларында Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" маданий борборунда "Келечектин оюндары" аттуу масштабдуу иш-чараны өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Уюштуруучулар өнөктөштөрдү жана демөөрчүлөрдү демилгени колдоого жана өлкөдөгү IT тармагын өнүктүрүүгө катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий