• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында фестиваль старт алды

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Бишкек/. Бишкекте 13-ноябрда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өздүк көркөм чыгармачылык жана кол өнөрчүлүк боюнча фестиваль башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Фестивалдын алкагында өздүк көркөм чыгармачылыкта вокал, көркөм окуу, бий, музыкалык аспаптарда ойноо жана кол өнөрчүлүктө кийиз, жыгач, темир менен иштөө, токуу жана башка өнөрлөр боюнча сынак өтөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, фестивалга катышуу үчүн 30га жакын уюмдардан 1800 арыз келип түшкөн. Байге фонду 500 миң сомду түзөт.

Аталган иш-чара 17-ноябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий