• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Аламүдүндө жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп куралдары тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. “Манас” аэропорту Чүйдүн Аламүдүн районундагы 129 жетим баланы жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын Эгемендүүлүк күнү жана окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

“Манас” аэропортунан кабарлашкандай, иш-чара Лебединовка айылындагы И.Айдарбеков атындагы №1 мектеп-гимназиясында өтүп, балдарга компаниянын атынан кеңсе жана мектепке керектүү буюмдар берилди.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому 2001-жылдан бери Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына көмөк көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий