Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 03.12.23./Кабар/. Бишкекте күн мурун бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Биринчилик Каба уулу Кожомкул спорт сарайында өтүүдө. Ага республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун спортчу катышып, жалпы 23 комплект медаль ойнотулат.

Чемпионат 6-декабрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий