Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Грек-рим стилиндеги мушкер Акжол Махмудов (77 кг чейин) Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду.
Финалдык беттеш 3:7 эсеби менен аяктады.
Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 8 медаль бар: төрт күмүш жана төрт коло.
Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков күмүш утса, Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери, Амантур Исмаилов жана Иззат Артыков коло медаль тагынышты.
Пикир
Оставить комментарий