• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Дене тарбия департаментинин облустук башкармалыктарына спорттук шаймандар берилди

Спорт 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт департаменти жана "Мектеп лига" федерациясы облустук башкармалыктарга спорттук шаймандар жана спорттук кийимдерди тапшырды.

Иш-чарага Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, "Мектеп лига" федерациясынын президенти Урмат Асанбаев жана облустук дене тарбия жана спорт башкармалыктарынын башчылары катышты.

Айбек Абдымомунов "Мектеп лигасы" жаштар арасында массалык спортту пропагандалоодо жана сергек жашоого умтулууга чоң түрткү берээрин баса белгилеп, долбоордун келечеги кең экенин айтты.

Тапшырылган спорттук шаймандар финалдык оюндарда байгелүү орундарга ээ боло турган командаларга, спорттук кийимдер мектеп лиганын футбол, баскетбол, волейбол, жеңил атлетика жана шахмат сыяктуу спорттун түрлөрүнүн катышуучуларына берилет.

Быйыл финалдык оюндар 10-15-май күндөрү Ысык-Көл жергесиндеөтөт.

Пикир

Оставить комментарий