• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жакында «Спартак» стадионунун кичи аренасынын курулушу башталат. Эскиздер

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Бишкектин Тоголок Молдо көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан «Спартак» стадионунун кичи аренасынын курулушу жакында башталат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек мэриясы муниципалдык менчикке өткөрүлгөн аренанын учурдагы абалы кандай экендигин көрсөтүп, сүрөттөрдү жарыялады.

Бүгүнкү күндө жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик Институтунун чакан аренанын аймагындагы курулмалар жер титирөөгө туруктуу эмес жана авариялык абалда экендиги жөнүндө техникалык корутундусу бар.



«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери чакан аянтчанын алдын ала долбоорун иштеп чыгышты. Долбоордо спорт залдары, калыстар бөлмөлөрү, чечинүүчү жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка жайлар каралган.

Жакында жаңы кичи аренасынын курулушу башталат.


Пикир

Оставить комментарий