• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогу өтөт

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 3-4-октябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунун форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Иш-чаранын максаты – "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" күн тартибин ишке ашыруу, ошону менен бирге Борбор Азия регионунда тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө үчүн аймактык кызматташтыкты чыңдоо.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын парламенттеринин депутаттары, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Отурумдун алкагында айымдардын тынчтыкты жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын жана катышуусун талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги диалогдук платформа сунушталат. Муну менен катар аялдардын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо процесстерине, тынчтыкты бекемдөөгө, кызматташууга жана туруктуу өнүгүүгө катышуусун камсыздоо үчүн зарыл чараларды иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий