• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын форуму өтүүдө. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Бүгүн, 4-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан иш-чарада делегация башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да баяндама жасап, учурдагы олуттуу маселелерди көтөрүү менен аларды чечүүдөгү аялдардын ролу тууралуу сөз кылышты.

Алсак, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе аялдардын жана балдардын укугун коргоп, коопсуздугун камсыздоо иши чөлкөмдөгү көптөгөн маселелердин чечилишине өбөлгө түзөрүн белгилеп, Афганистандагы азыркы кырдаалга да токтолду.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве аялдардын коомдук-саясий турмуштагы активдүүлүгүн арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Муну менен катар аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулукту азайтуу боюнча биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгү тууралуу сөз кылды.

Отурум эки багыттагы сессия менен уланып, анда бир катар тематикалык баяндамалар жасалды.

Жыйын катышуучулары топ-топко бөлүнүп, чөлкөмдөгү актуалдуу көйгөйлөр боюнча ой бөлүшүп, сунуш-пикирлерди талкуулашты.

Тагыраагы, лидер айымдарды, ишкер кыз-келиндерди колдоо, аларга каржылык көмөк көрсөтүү, социалдык-гуманитардык, экономикалык багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууда аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын парламенттеринин депутаттары, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий