• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Россиядагы теракттан кыргызстандык эки кыз каза болду делген маалымат тастыктала элек – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Москванын четиндеги «Крокус сити холл» концерттик залында орун алган терактта эки кыргызстандык кызды каза болду деп таануу азырынча эрте. Бул тууралуу парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында КР тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, интернет айдыңында терактта каза болгондордун арасында Кыргызстандын эки жараны бар экендиги тууралуу маалыматтар тарап жатат. Бирок белгилей кетсек, бул маалымат тастыктала элек.

“Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Биздин элчилик Россиянын укук оргоо органдары менен тыгыз иш алып барууда жана ДНК-анализдердин негизинде бардыгы маалым болот. Биз ушул жуманын ичинде анализдердин жыйынтыгы чыгып, коомчулукка так маалымат бере алабыз деген ишеничтебиз. Генетикалык анализдер жүргүзүлүшү керек. Ал жакта көптөгөн сөөктөр тааныла элек, буга байланыштуу Россия тарап аларды шаштырбай турууну суранып жатат”, - деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда "Пикник" тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, кол салгандар Калашников автоматы менен куралданышкан жана аларда көп сандагы патрондор жана ок-дары болгон.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында каза болгон 144 адамдын тизмеси жарыяланган. Алардын арасында кыргызстандык Маиза Гүлжигит кызы жана Эдита Жусупованын ысымдары бар.

Пикир

Оставить комментарий