• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте ыктыярчылар 1-июндагы майрамдан соң “ Тазалыктын” кызматкерлерине жардам берди

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/. Бишкекте ыктыярчылар 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоон кийин соң “Тазалыктын” кызматкерлерине жардам берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акцияга Greenteen уюмунун ыктыярчылары катышып, эмен багын, жаштар аллеясын, эл достугу, борбордук жана эмгек даңкы аянтчаларын иретке келтиришти.

“Таза экология акциясына 120га жакын бала катышып, 70 каптан ашык таштанды чогултушту”, - деп белгилешти мэриядан.

Биринчи май районунун акимчилиги экологияны сактоого кошкон салымы үчүн Greenteen уюмуна терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди жана баарына үлгү болушун каалайт.

Пикир

Оставить комментарий