• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте "Борбор Азиялык Романсиада" оюндарынын тандоо туру башталды

Маданият 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында "Борбор Азиялык Романсиада" оюндарынын конкурстук кароо туру башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги маданият жана илим борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, "Русский мир" фонду тарабынан уюштурулган конкурстун тандоо туруна быйыл орус романсынын 6 жаштан 27 жашка чейинки 90дон ашуун жаш артисттери катышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, сынактар эки күн бою өткөрүлөт, бардык каалоочулар келип, сынактын катышуучуларын колдоого алышат. Быйыл катышуучулардын саны дээрлик жүз адамга жетип, мурунку бардык көрсөткүчтөрдүн рекордун түздү.

Катышуучулар уч номинация боюнча ат салышат:

  • “Романтика үмүтү” (6 жаштан 18 жашка чейин);
  • “Жаш аткаруучулар” (18 жаштан 27 жашка чейин);
  • “Чек арасыз романтика” (19 жаштан 35 жашка чейин).

Сынактын катышуучуларынын өнөрлөрүн Россиянын эмгек сиңирген артисти Мария Людко баштаган эл аралык калыстар тобу баалайт.

Мыктылардын ысымдары үстүбүздөгү жылдын 25-октябрда өтө турган гала-концертте белгилүү болот. Жеңүүчү Москвада өтө турган сынакта өз өлкөсүнүн намысын коргойт.

Пикир

Оставить комментарий