Улуттук адабият күнүнө карата Бишкекте Айтматовдун эстелигине гүл коюлду

Маданият 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнү белгиленүүдө. Ага карата жазуучу Ч.Айтматовдун Ала-Тоо аянтындагы эстелигине гүл коюлду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышты.

Мындан сырктары, Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө Манасбек Мусаевдин “Айтматовдун дүйнөсү сүрөттөрдө” аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

Ошондой эле бүгүн кечинде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук акдемиялык драма театрында КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган адабий кече өтүп, сыйлык ээлерине "Алтын калем" сыйлыгы тапшырылат.

Андан соң Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде даярдалган спектакли көрүүчүлөргө тартууланат. Аталган спектаклди Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук акдемиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров сахналаштырган.

Пикир

Оставить комментарий