• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Борбордук пробация органы пайда болот

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Бишкекте Борбордук пробация органы пайда болот. Аталган долбоор учурда өкмөттүн кароосунда. Бул тууралуу КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров кабарлады.

Анын айтуусунда, эгерде өлкө жетекчилиги аталган сунушту кабыл алса, анда ЖАМКка бир чоң имарат берилип, ошол жерде пробация мыйзамы “өкүм сүрөт”.

Алгач 2019-жыл бою бул мекеме Жаза аткаруу кызматына байланып турат, кийинчерээк, өз алдынча жарандык ведомство болот.

“Ар бир адам менен өзүнчө жумуш жүргүзүлөт. Бул түрмөдөн чыккандарга да жана ошондой эле сот түрмөгө жибербегендерге да тийиштүү болот”, - деди ал.

Ар бир райондо адамдардын саны ар түрдүү, бир жерде каттоого алынгандардын саны 30-40 болсо, кээ бир жерлерде 300гө жетет.

“Пробациянын кардарларын тейлөөнү атайын дайындалган адистер жүргүзүшөт. Бул тизмеге биздин ведомствонун кызматкерлери, медиктер жана социалдык кызматкерлер кирет”, - деп белгиледи Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий