• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

«Акнет» компаниясынын президенти жана «Строй сеть» фирмасынын директору кармалды

Коом 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. «Акнет» компаниясынын президенти А.К., «Строй сеть» фирмасынын башкы директору Б.Е. жана «Строй сеттин» бышкы бухгалтери Л.И. камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган адамдар «Акнет» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин иликтөөнүн алкагында кармалганы айтылат.

Бул иштин материалдары ИИМдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Милициянын маалыматы ылайык, 2017-жылы «Акнетке» абоненттик төлөм катары 1 млрд. сом түшкөн. Бирок «Акнет» таза киреше катары 195 млн. сом тушкөнүн көрсөтүп, калганын чыгашаларга кетти деп кабарлаган.

2018-жылы «Акнетке» абоненттик төлөмдөн 1,2 млрд сом түшкөн.

Мындан тышкары, «Акнеттин» кызмат адамдары чыгашаларды негизсиз көбөйткөнү жана салык катары 150 млн. сом карызы бар экендиги аныкталган.

«Акнет» менен иштешкен 11 фирма аныкталган. Ошол фирмалардын бирине – «Строй сеть» компаниясына – «Акнет» 2016-жылдын июнунан 2018-жылга чейин кызмат көрсөтүшкөндүгү үчүн 101 млн. 99 миң 401 сом төлөндү деп эсептен чыгарышкан. Бирок документ менен тастыкталган эмес.

2016-жылдын жана 2018-жылдын үч айы үчүн «Акнет» менен «Строй сеттин» ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, «Акнеттин» 14 млн. 176 миң 173 сомду мыйзамсыз эсептен чыгарганы аныкталган.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий