• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

1-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 1-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +5...+10, Талас облусунда +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарын облусунда +2...+7 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +7...+9 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий