• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 22.04.24./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 22-26-апрель күндөрү туруксуз аба ырайынын жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий