• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жолдордогу тыгын айдоочулардын кышкы мезгилге даяр эместигинен келип чыгууда – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 05.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Аймактардагы стратегиялык жолдордогу ар кандай кырсыктарды болтурбоо үчүн айдоочулар өз унааларын кышкы мезгилге даярдашы керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ӨКМдин кооптуу кырдаалды башкаруу борборунун төрагасынын орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымы боюнча, жол тыгындары унаалардын кышкы кышкы мезгилине даяр эместигинен улам келип чыгууда.

Ошондой эле ӨКМ кызматкерлери стратегиялык Бишкек-Ош унаа жолун тазалоо үчүн кыймылга чектөөлөрдү киргизүугө мажбур болушууда.

“4-октябрда эле жол кыймылына 4 ирээт чектөө киргизилген. Жолду тазалоо иштери жүргөн”,-деди Мамбетов.

Ошондой эле анын айтымына караганда, кар жаагандыгына байланыштуу 30-сентябрда Казарман-Жалал-Абад унаа жолу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий