• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Түлөбаев: Дарыгердин кеңеши жок, социалдык тармактардагы кеңештер боюнча өз алдынча дарыланбаңыздар

Коом 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев шаар тургундарын өз алдынча дарыланбоого чакырды.

“Урматтуу шаар тургундары дарыгердин кеңеши жок, социалдык тармактардагы маалыматтар боюнча өзүңүздөрдү дарылабагыла. Сөзсүз түрдө дарыгердин кеңешин алып, ошонун негизинде дарыланыңыздар. Эгерде үйдө өз алдынча дарылансаңыз өзүңүздүн өмүрүңүзгө коркунуч алып келишиңиз мүмкүн. Бул оор күндөр да өтөт, аны биз сиздер менен чогуу жеңебиз. Биз сиздерди таштабайбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий