• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте БУУнун Борбор Азиянын экономикасы үчүн атайын программасынын 29-отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын, 20-21-ноябрь күндөрү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азиянын экономикасы үчүн атайын программасынын (СПЕКА) туруктуу транспорт, транзит жана байланыш боюнча тематикалык жумушчу тобунун 29-отуруму жана “Транспортту трансформациялоо: Санариптик технологияларды колдонуу - СПЕКА аймагындагы автомобиль жана темир жол транспортундагы ташуулар үчүн аспаптар” аталышындагы семинар өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев баштаган министрликтин кызматкерлери, Экономика жана коммерция министрлигинин, Эл аралык автомобилдик ташуулар ассоциациясынын, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын жана БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык социалдык комиссиясынын өкүлдөрү жеринде жана онлайн форматта катышты.

Жумушчу топтун 29-отурумунун жүрүшүндө 28-отурумдун отчету угулуп, бекитилди. Ошондой эле, СПЕКА аймагында транспортту туруктуу өнүктүрүү, ага мүчө өлкөлөрдөгү улуттук жана эл аралык деңгээлде транспорттук инфраструктура жаатындагы долбоорлор, иш-чаралар жана демилгелер, транспорт тармагындагы эл аралык конвенциялар менен макулдашуулар жана алардын аткарылышы менен жол коопсуздугу маселелери каралды.

Мындан тышкары, 29-отурумдун отчету макулдашылып, кийинки 30-сессиянын күн тартибинин долбоору бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий