Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Ден соолук 0

Бишкек, 03.01.24. /Кабар/. Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, 36 жаштагы К.к.А. аттуу айым 2-январда операция жолу менен үч кызды жарык дүйнөгө алып келген.

Ымыркайлардын салмагы - 2080 кг, 2340 кг, 2140 кг.

Наристелердин жана апасынын абалы туруктуу, алар учурда кам көрүүнүн экинчи этабында.

"Кыздардын апасы перинаталдык борборго 2023-жылдын 28-декабрында келип түшкөн. Анда эрте көз жаруу жана анемия коркунучу бар болчу", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий