• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусунда пилоттук режимде административдик-аймактык реформа ийгиликтүү жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 03.01.24. /Кабар/. Нарын облусунда пилоттук режимде административдик-аймактык реформа ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, агенттиктин башчысы Кудайберген Базарбаев Нарын облусуна иш сапары менен барып, облус жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңештин төрагалары, айыл өкмөтүнүнүн жооптуу катчылары менен жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөргөн.

"Агенттик тарабынан жаңыдан уюшулган айыл өкмөттөрүнүн жана айылдык кеңештин имараттарынын кире беришиние ЮСАИДдин "Ийгиликтүү аймак" долбоору аркылуу атайын табличкалар жасалып, таратылып берилди. Ошондой эле, агенттик президентке караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Башкаруу академиясы менен биргеликте райондук администрация башчылары- акимдер окуудан өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий