• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузакта түнкүсүн көчөдө жүргөн 76 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөн 76 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун аймагында "Түнкү өспүрүм" рейди өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө ата-энеси же аларды алмаштырган мыйзамдуу өкүлдөрү жок түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, Сузак райондук мамлекеттик администрациянын алдында уюшулган жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын кароосуна 63 материал жиберилди. Андан сырткары, 34 бузуулар боюнча протокол толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий