• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте министрлердин орун басарлары үчүн санариптик өнүгүү боюнча 3 күндүк окуу башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлары үчүн "Санариптик трансформация доорундагы мамлекеттик башкаруу" аталышындагы 3 күндүк тренингди баштап берди.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик органдарда санариптештирүү менен мурда туура эмес адамдар алектенип келгенин белгиледи.

"Өз кезегинде бүгүн адистердин командасы түзүлүп, алардын билимин бул тренингдин алкагында практика жүзүндө текшерүү чечими кабыл алынды", - деген ал азыркы реалдуулукта санариптештирүү эффективдүү жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бул тренинг КР президентинин аппаратынын санариптик өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, 14-августтан 16-августка чейин өткөрүлөт.

Тренингдин алкагында министрдин орун басарлары санариптик трансформациянын стратегиялары жана КР мыйзамдары, электрондук башкаруунун мыйзамдык негиздери, мамлекеттик маалыматтык системалардын иштөө механизми, маалыматтарды коргоо жана жумуш ордунда кибергигиена боюнча окутулат. Муну менен катар, тренингдин алкагында аларга санариптик лидерлер үчүн практикалык көндүмдөр жана пайдалуу санариптик аспаптар көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий