• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын аймагында бир жумада 21 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 7нен 13-августка чейинки арадыкта 21 миң 203 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 277;
  • мас абалында рулга отуруу – 241;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 53;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу фактылары – 1 167;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 190;
  • автоээнбаштык – 8;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 832;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 435.

Ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1 424 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий