• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бычак менен коркутуп... Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун сабагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кафенин ашпозчусун сабаган шектүүлөрдү изин суутпай кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып,12-августтан 13-августка караган түнү болжол менен түнкү саат 03.30 чамасында Чок-Тал айылындагы "Медуза" кафесинин ашпозчусун белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, сабап кетишкенин билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну денесинен алган жаракатынан улам райондук аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факты райондук милицияга катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш иши козголгон.

Чоӊ-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр тез аранын ичинде кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Кармалгандар Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. болуп чыгышты. Учурда шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий