Бишкекте "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрүн аныктоо иш-чарасы өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 01.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин Ала-Тоо аянтында "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын алгачкы жеңүүчүлөрүн аныктоо иш-чарасы өтүүдө.

Иш-чаранын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Аылбек Жапаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды эми экономикалык патриоттулук деген сезим пайда болгонун айтат.

"Жарандардын ар бир чеги мамлекетке жана анын өнүгүүсүнө кошкон салымы. Президент Садыр Жапаров ири реформаларды баштады. Алардын бири салык менен бажы тармагын жөнгө салуу. Сиздердин лотереяга катышууңуздар салыктан качкандарды аныктоого жардам берет", - дейт ал.

Жапаров салыктан түшкөн каражатка жакынкы 2-3 жылда мектептер курулуп, жолдор оңдоло турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, лотереянын шартына ылайык, биринчи турда эки автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана бизнес-өнөктөштөр тарабынан берилген башка баалуу байгелер ойнотулат.

Мындар сырткары, иш-чара эстрада ырчылардын катышуусунда шаңдуу концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолот.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-майынан бери республикада “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы өтүүдө.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүү жана товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу зарыл. Андан соң мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү жетиштүү.

Чектер канчалык көп болсо, байгелердин бирине ээ болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Бүгүнкү күндө лотереяга 60 миңден ашуун адам катышууда. Алар 3,2 млрд сомго кассалык чектердин "Салык чек" тиркемесинде сканерден өткөрүшкөн. Лотереянын катышуучуларына 3,2 млн лотерея белети (ID номер) берилди.

Пикир

Оставить комментарий