Бишкекте чет элдик студенттердин катышуусундагы окуя. Садыр Жапаров билдирүү жасады

Президент 0


Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, Бишкекте 17-18-майда болгон окуя боюнча кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Тилекке каршы, коомубуздун турмушунда баарыбызды тынчсыздандырган жагымсыз бир окуяга туш болдук. Ортодо чын-бышыгын билип-билбей, чын-төгүнүн аныктабай, чагымчыл күчтөрдүн азгырыгына жетеленген топтордун кылган ишинин кесепетинен көпчүлүк элибиз, мамлекетибиз жабыр тартып отурат.

13-майда болгон окуяга калпы-чыны аралаш ар кандай боёктор сүртүлүп, 18-майда интернетке видеоматериал жайылткандардын кесепетин баарыбыз көрдүк.

Ооба, күч органдары өз маалында чара көрүп, жүргүзүп жаткан иштерин өз маалында коомчулукка чыгарганда, балким, мындай болбойт эле.

Биздин Ички иштер министрлигибиз 13-майда болгон окуянын себепкерлерин кармап, ыкчам аракеттерди жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү камап жаткан. Бирок, тилекке каршы, бул кырдаалды башка күчтөр, жагдайды курчутууга кызыкдар тараптар пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү.

Биздин патриот жаштарыбыздын чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын токтотуу, мындай иштерге жол бергендерге катуу чара көрүү сыяктуу талаптары, албетте, туура.

Ал талаптарды бул окуяда эле эмес, буга чейин да коюп келе жаткансыздар.

Тиешелүү мамлекеттик мекемелер бул маселелерге анализ жүргүзүп, тиешелүү иш жүргүзө баштаганын дагы билесиздер.

Өзүңөр күбө болгондой, буга чейин эле УКМК, ИИМ тарабынан мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарды аныктоо иштери жүрүп жаткан.

Бирок, жогоруда белгилегенимдей, интернет желесине эмне чыкса, ошого ишенип, тең салмактап, талдоо жүргүзө албай, ортодо чагымчылдардын намысты козгогон азгырыктарына жетеленип, куттуу өлкөбүздүн, өнүгүү жолуна багыт алган мамлекетибиздин, эзелтен келаткан меймандос элибиздин кадыр-баркына шек келтирдиңер.

Бул өтө өкүнүчтүү!

Биз, “Бир карын майды бир кумалак чиритет” болуп, оңой олжого туйтунуп, карактоо аракетин кылган бирин-экин ээн баштардын, алардын мындай аракетин көбүртүп-жабыртып, чоң чууга айлантууну көксөгөн чагымчылдардын арам ойлорун ишке ашырууга жол бербейбиз!

13-майдагы окуя иликтенип, күнөөлүүлөр кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатканда, ал окуя тууралуу видео 18-майда интернетке жүктөлүп, биздин кызуу кандуу жаштарыбыздын канын кызытууга кошумча от жаккан, ортого чагым салган, куру намысты козгогон интернет посттор менен коштолду.

Буга бийликке жетпей калгандар, коррупцияга каршы күрөштү жактырбагандар, түрмөдө жаткан саясатчылар атайын вотсап группаларды, фейк аккаунттарды түзүп алышып, чагым салган маалыматтарды таратышканын ачык айтып коёюн.

Ошентсе да, 18-май түнү чыккан жаштарды токтотууга аракеттер көрүлүп, ар кандай агрессияга алдырып, мындан да жаман окуялардын чыгып кетишине жол берилген жок.

Ошондой эле биздин кызуу кандуу жаштарыбызга күч колдонуп таркатуу да болгон жок, аны да билесиздер.

Анткени алардын арасында курал алып, окуяны күтүүсүз башаламандыктарга айлантууну эңсеген арам ойлуулар жүргөнү тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар эле.

Милиция кызматкерлери элди күч менен тарата баштаганда: «Мына биздин бийлик кыргыз балдарды коргогондун ордуна, тескерисинче, тигилерге болушуп, өз элин кордой баштады» деп, адаттагыдай эле ошол жерден видеокайрылууларды таратып, масштабдуу көтөрүлүшкө чакырабыз деген блогер сымал жана ниети бузуктар элдин арасында даяр турушту.

Андай өтө кооптуу жагдайларды биздин патриотпуз деген кызуу кандуу жаштарыбыз билген жок.

Жаштар эле эмес, жалпы эл деле “ии, чын эле” деп ишенип алышмак.

Ошондуктан күч органдарына “окуяны толук көзөмөлдөп, жаштарга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, кырдаалды кагылышуусуз турукташтырууга аракет кылгыла” деген буйрук берип турдум.

Эгер мародерчулукка барса, милиция тарапка чабуул жасаса, же жатаканалардагы студенттерге кол сала баштаса, анда аёосуз чараларды көрөт элек. Бактыбызга жараша андай болгон жок.

Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду.

Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик.

Эми алардын баары өз жазасын сөзсүз алышат.

Биз укуктук мамлекетти кура алдык. Эми тартипти орнотобуз.

Тартип болбосо, кандай гана мамлекет болбосун, өнүгүү болбойт. Кылмышкерлерди өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт. Жазалоо үчүн сот бар, бийлик бар.

Биз бул жолу ушул окуядан чоң сабак алдык. Эл дагы сабак алып, эми мындан ары мындай чакырыктарга, чагымчылдыкка оор басырык, сергек ой жүгүртүү менен анализ жасап, дароо эле дүрбөп чыга калбайт деп ишенебиз.

Эми мындан ары ушундай окуя кайталанса, анда күч органдары биринчи мүнөттөрдөн баштап эле күч менен таратуу ыкмасына өтөт. Кудайга шугур, азыр күч структуралары мурдагыдай алсыз эмес.

Мейли ким болбосун, ал биздин жаранбы же чет өлкөлүк жаранбы, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтирсе, башаламандык уюштура турган болсо, аёосуз жазасын алышат.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу патриот жаштар!

Биз дагы силер сындуу Кыргызстан үчүн күйөбүз.

Биздин патриоттугубуз силердикинен ашса ашат, кем калбайт.

Биз дагы силердей болуп, элибиздин башын бийик көтөрүп жүрүшүн каалайбыз.

Ошол үчүн өлкөнүн өнүгүшүнө бар күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

Өлкөбүз өзүнөн-өзү өнүгүп кетпейт, сырткы дүйнө менен тыгыз карым-катышта болуу менен алдыга жылат.

Дүйнөнүн кайсы гана мамлекети болбосун, алака-катышта болуубуз зарыл.

Дүйнө таануу үчүн чет өлкөлөргө чыгуу керек.

Ал үчүн биздин жаштарыбыз өнүккөн өлкөлөрдү көрүп, ак-караны ажыратып, тажрыйба топтоп, эмгек миграциясында жүрүшөт.

Бир миллиондон ашуун элибиз чет өлкөлөрдө окуп, иштөө менен алек.

Биздин ошол жарандар сыяктуу эле бизге дагы чет өлкөлөрдүн жарандары келип, окуп, иштеп жатышат.

Биз буга кубанышыбыз керек.

Мунун баары алака-катыш, байланыш, тажрыйба топтоо, туризм экенин жакшы билесиздер. Укуктук тил менен айтканда, мунун баары эл аралык байланыш, дипломатия, туризм ж.б деп аталарын да билесиздер.

Ошол үчүн бардык өлкөлөр сырткы дүйнө менен байланышта болуп жашайт, инвестиция салып, өз өлкөсүнө инвестиция тартып, өсүп-өнүгөт.

Бул – өнүккөн өлкөлөр колдонуп келе жаткан классикалык үлгү.

Башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстан дагы өнүгүүнүн ушундай багыттарын колдонуп баштаган.

Бул жаатта өзүңүздөр деле багыт берип, “туризм менен өнүгөлү” деп, көптөгөн алгылыктуу сунуш-пикирлерди айтып келе жатасыздар.

“Керемет жерлерибиз бар, ошолорго туристтерди тарталы, келсин-көрсүн, башкалардан эмнебиз кем” деп келесиздер.

Туризм тармагынан эле өлкөбүзгө мынча пайда түшөт экен деп өзүңүздөр эсеп-чотун да айтып берип келатасыздар го? Башка өлкөлөр өз өлкөсүнө туристтерди келтире албай убара. Ал эми биз келген ырысыбызды тээп аткандайбыз. Башка маселе, эгер бизге келген туристтер маданиятсыз болсо, акырын айтып тарбияга салалы.

Бул эми бир эле мисал, айта берсем сөз көп. Биздин балдарыбыз да чет жерде жүрүшөт.

Адам үйүнөн 40 кадам узагандан кийин мусаапыр деп коёт. Мен буларды айтып жатканымдын себеби, ошол сырт дүйнө менен болгон мамилебизди, жаңыдан жанданып келаткан инвестиция, туризм тармагына, эч болбосо, меймандостук салтыбызга шек келтирбесек дегеним.

Эң жок дегенде сыртта жүргөн уул-кыздарыбыз дагы ушундай мамилеге учурап калуу мүмкүн экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Муну “жети өлчөп, бир кесип”, туура ой жүгүртө алган жарандарыбыздын баары айтып жатышат.

Урматтуу мекендештер!

Өлкөгө келген чет элдиктердин дагы Ата Мекени бар экенин, билимин алып, иштеген ишинен пайда тапкандан кийин акыры алар да өз Мекенине кетерин унутпагыла.

Алар Кыргызстандын билимин баалап, ошончо жерден келип, ошончо акчасын бизге калтырып, убактылуу гана жүргөнүн унутпайлы.

Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын билим берүүсүн баалап-барктап, кызыгып келип, акысын төлөп окуп жатканын, бизде иштеген чет элдиктердин кызмат көрсөтүүсүнөн ушул эле биздин кыргызстандыктар пайда көрүп жатканын баарыбыз туура түшүнүшүбүз керек.

Ошолордун калтырган каражаттарынан салык түшүп, ошолорго кызмат көрсөткөн окуу жайлар, чакан ишкерлер пайда таап жатканын, биздин экономикага миллиарддаган киреше алып келип жатканын кантип билбейбиз?

Өлкөдөгү жумуш ордуларына жалаң чет элдиктер толуп калып, биздин жарандар бош калган болсо, мындай жагдайды жөнгө салып, ордуна коюуга күчүбүз жетет.

Бирок, мындай арзан иштерге биздин жарандар барбай жатканы жашыруун эмес.

Учурда жүргүзүлгөн статистикага ылайык, бүгүнкү күндө 6 миң 300дөн ашуун жумуш орду бош турат.

Алдыдагы жылдарда дагы он миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Анткени ири-ири долбоорлорду ишке киргизебиз.

Бул асмандан алынган сан эмес, ишкерлер менен министрликтер берип жаткан маалыматтар.

Келгиле, силер дагы иштегиле.

Бул иштерге биздин мекендештерибиз барып иштебегендиктен, биздин ишкерлер чет элдик эмгек мигранттарын чакырып, контрагын түзүп, иштетүүгө мажбур болуп жатышат.

Чынын айтышыбыз керек, бул эми азыркы таптагы реалдуу көрүнүш. 2020-жылга чейин кандай элек, азыр кандай болуп келе жатабыз.

Айырма асман менен жердей. Биздин өлкөбүзгө эмгек мигранттары агылып келет деген түшүбүзгө да кирген эмес.

Эгер азыр аларды ишке албай коюп, жумушчулар жетишпей калса, эми жанданып келе жаткан ишканалар токтоп калат. Ишкерлер банкрот болушат.

Экономикабыз өйдөлөбөй эле ылдыйлап кетет. Муну да унутпашыбыз керек.

Мен ушул жерден бир мисал келтире кетейин. Бириккен Араб өлкөлөрүндө жергиликтүү калктын саны бир миллион адамдын тегерегинде.

Ал эми чет өлкөлөрдөн барып иштеп жүргөн мигранттардын саны жети миллион. Эч кандай проблема жок эле экономикасын көтөрүп жатышат.

Биздин бир миллиондон ашуун жарандарыбыз чет өлкөлөрдө жүрүшөт.

Ал эми бизде бүгүнкү күндө иштеп жаткан эмгек мигранттарынын саны болгону 5322 адамды түзөт.

Чет өлкөлөрдөн келип окуп жаткан студенттердин саны 42 620 адам.

Биз буга кубанышыбыз керек.

Бирок, кечээ болуп өткөн жагымсыз окуялар, мен жогоруда айтып өткөн биздин алга умтулууларыбыздын, баалуулуктарыбыздын эч бирине туура келбей калды.

Урматтуу агайын-туугандар!

Биз тарыхтан сабак алалы, болуп өткөн кайгылуу окуялардан туура бүтүм чыгаралы деп какшап келебиз.

Эсиңиздерде болсо, тээ 90-жылдардагы, кийинки 2010-жылдагы коогалаңдуу Ош окуясы деле учкундан жалын тутанат болуп, кенедей себептерден чыгып, натыйжасы кандай кайгылуу окуялар менен коштолгонун жакшы билесиздер.

Бул өтө аялуу, өтө назик маселе экенин унутпаңыздар!

Тарбиянын башаты үй-бүлөдөн башталат. Ар кимибиз уул-кыздарыбызга ээлик кылалы, акыл айтып туралы.

Бирөөнүн жасаган жаман жоругу үчүн башкаларга акаарат келтирүү, уруп-согуу адамдык касиетке туура келбестигин, мусулман баласынын жасай турган жоругу эместигин, таптакыр эле болбой баратса, бул маселени укук коргоо органдары мыйзам чегинде иликтеп, жазасын берерин алдарыбыздын кулагына куялы.

Жаштыкка алдырып, сүрмө топтун арасына кошулуп калып, тагдырына балта чабылып калбашына, ата-энелер, сиздер да кам көрүңүздөр!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, элибиздин ынтымагына шек келтирген, өнүгүүгө болгон умтулууларыбызга бут тоскон, өлкөбүздүн эл аралык аброюна, журтубуздун ар-намысына сөз тийгизген жагымсыз иштерге жол бербейбиз!

Биздин алдыбызга мындай милдеттерди Кыргызстандын жалпы эли коюп, бизди шайлаган.

Албетте, биз жамы журтубуздун ишенимин актоого тийишпиз жана актайбыз!

Эң алды жаштарыбызды сабырдуулукка, ар кандай азгырыктарга алдырбоого чакыраар элем.

Ал эми кызуу кандуу аштарыбызды колдонуп, алардын ар-намысын козгоо менен көпчүлүк массаны көчөгө алып чыгып, кечээгидей окуяларды чыгарып, арам ойлорун ишке ашырам дегендерге катуу чаралар көрүлөт.

Мен мындай бузукулардын жакындары эртең чыгып: “Мына бийлик өз элине каршы күч колдонуп, балдарыбызды камай баштады” деп бет тырмарлык кылып, ач айкырык салып чыгышаарын да билем.

Бирок, өлкө тагдырын ишенип тапшырган жалпы элдин тынчтыгы, биримдиги, өлкөнүн кадыр-баркы, өнүгүүбүз мындай бир ууч “кумалактардан” алда канча жогору турарын баса белгилеймин.

Биз өлкөнү укуктук талаага алып келүү менен өнүктүрүүгө ант бергенбиз.

Акыйкаттыктын алдында, адилеттүүлүктүн алдында,улуттук мыйзамдардын алдында баарыбыз бирдейбиз! Бириңерди өйдө, бириңерди төмөн көрүүгө акыбыз да жок.

Муну Ата Мекенибизге келген меймандарыбыз да жакшы билет, жакшы түшүнүшөт.

Бийлик эмне үчүн көчөгө чыккан элди биринчи мүнөттөрдө эле күч менен таркатпады, жаңжалды биринчи баштап күнөөлүү болсо да, өз жарандарын колдоду деген күмөн санооңор бар экенин да билебиз. Эмне себептен күч колдонулбагандыгын мен жогоруда айтып өттүм.

Мындан ары тартип катуу болот.

Кам санабаңыздар!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Ылайым, мамлекетибизде тынччылык, ынтымак, өнүгүү болсун!”

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда башаламандык орун алган. Анда бир нече жаран жаракат алган. Окуянын чоо-жайы.

Пикир

Оставить комментарий