• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жапаров менен Рахмон чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону тездетүүнү жакташты

Президент 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо тездетүүнү жакташты. Бул тууралуу мамлекет башчылары кабыл алган Биргелешкен билдирүүдө айтылат.

Билдирүүдө айтылгандай, мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.

Президенттер кыргыз жана тажик элдери илгертеден бери жашап, карманып келген достук жана ынак коңшулук принциптери өз ара алгылыктуу натыйжага жетишүүгө өбөлгө болот деген ишеничин билдиришти.

"Президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалдарын болтурбоонун жана тараптардын эл аралык милдеттенмелерди жана эл аралык укуктун ченемдерин сактоосунун зарылдыгын белгилешти. Президенттер эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен өз ара ыңгайлуу шарттарда конструктивдүү диалог куруу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү ниетин билдиришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий