Бишкекте Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бишкекте Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, "102" кызматынан Тоголок Молдо көчөсүндө Чоң Чүй каналында болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, эркек кишинин сөөгүн чыгарып, милицияга кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий