• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абадда жаранга 8 жолу бычак сайылган. Шектүү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу клубдардын биринин алдында 35 жаштагы жаранга белгисиз адам тарабынан 8 жолу бычак сайылган. Окуя 7-сентябрга караган түнү саат 01:40та болгон. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабыркаган жаран Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делип Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий