• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте Чолпонбай Тулөбердиевдин 100 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-апрелинде Бишкектеги Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Тулебердиевдин 100 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Коргоо министрилигинин, КР КК Улуттук гвардиясынын, Бишкек шаарык мэриясынын, Биринчи май райондук администрациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Тулөбердиевдин Улуу Ата Мендик согушта көрсөткөн эрдиктери эскерилип, үч жолку залп менен ок атылды.

Пикир

Оставить комментарий