• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Оштун көчөлөрүндөгү жарнактарды санариптик форматка өткөрүү каралууда

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Ош шаарында борбордук көчөлөрдөгү жарнама объектилеринин санариптик, электрондук форматтарын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык 12-апрелде вице-мэр Жасур Азимов жарнак тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ишкерлер менен жыйын өткөрдү.

Жолугушууда Ж. Азимов жарнак объекттеринин жаңы заманбап түрлөрүнө, анын ичинде санариптик көрнөк-жарнактарга, электрондук таблолорго өтүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында санарипке өтүү механизмдерин иштеп чыгуу багытында биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий