• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү боюнча үч жылдык тажрыйба талкууланды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Бишкекте жыйынтыктарга, алынган сабактарга, ошондой эле Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү боюнча пландалган иштерге арналган "Кыргызтандагы COVID-19га каршы аракеттенүү боюнча жетишкендиктер, алынган сабактар ​​жана пландар" аттуу иш-чара өтүүдө.

Анда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова куттуктоо сөзүн суйлөп, COVID-19 пандемиясы КР саламаттыкты сактоо системасына өзгөчө жүк алып келгенин белгилеп, ишке жаңыча мамиле кылуунун зарылдыгын ачыктаганын белгиледи.

"COVID-19 пандемиясынын башынан бери мамлекеттик сектор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр коркунучту ооздуктоо үчүн зор иштерди аткарышты. Жеке коргонуу каражаттарына, COVID-19дун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн материалдарга, лабораториялык потенциалды чыңдоого, комплекстүү эпидемиологиялык көзөмөлгө, ошондой эле оорукананын инфраструктурасын, анын ичинде интенсивдүү терапия мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө чукул муктаждык аныкталды.

Мага маалымат беришкендей, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен жеке коргонуу каражаттары сатылып алынган, анализдерди тездетүү үчүн лабораториялар модернизацияланган, маалыматтык системалар жакшыртылган, 4 миңден ашык дарыгер, медайым, лаборант жана башка кызматкерлер COVID-19ду дарылоо жана диагностикасы боюнча окутулду. Жардамдын жалпы суммасы 10 млн доллардан ашты", - деди ал.

Өз кезегинде USAIDдин саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча директору Ниши Гупти белгилегендей, пандемия башталгандан бери USAID Кыргызстандын бардык аймагындагы медициналык мекемелерди 1,4 млн долларлык жабдуулар менен камсыз кылган.

"Кычкылтек концентраторлору, лабораториялык жабдуулар жана санариптик рентген аппараттары камтылган бул жабдуулар COVID-19 менен күрөшүү үчүн гана эмес, башка ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн да маанилүү", - деди ал.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө USAID эпидемиологиялык маалыматтарды, саламаттыкты сактоо тармагындагы адам ресурстарын башкаруунун ийгиликтүү стратегияларын жана COVID-19дун жайылышын алдын алуу жана вакциналарды колдонууну көбөйтүү үчүн коомчулукту тартуу боюнча маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий