• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 281 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 281 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 439 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5735ге жетти. Алардын ичинен 2443 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 62 адам (+5 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий