• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте дагы бир автобус паркы курулат. Мэрия сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Бишкек мэриясы «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорунун алкагында автобекеттин унаа токтотуучу жайлары, подстанциялар жана электротехникалык иштер боюнча курулуш иштерине сынак жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ачык конкурстук тооруктар АӨБдүн «бир этап, бир конверт» тоорук жол-жобосуна ылайык жүргүзүлөт жана тоорукка катышууга укугу бар өлкөлөрдүн бардык катышуучулары үчүн ачык болот. Тооруктарга катышууга АӨБ каржылоосун алууга укугу бар өлкөлөрдөн келген талапкерлерге жол берилет.

Тоорукка тендердик документте аныкталган төмөнкүдөй негизги квалификациялык мүнөздөмөлөргө ээ болгон укуктуу талапкерлер гана катыша алат:

- өткөн мезгилдеги финансылык көрсөткүчтөр (2023-жылга чейинки акыркы жылдагы оң таза нарк);
- минималдуу жылдык орточо жүгүртүү (2018, 2019 жана 2022-жылдардагы курулуштун орточо жылдык жүгүртүүсү 15,4 миллион долларды түзөт);
- финансылык ресурстар (финансылык ресурстар өздөрүнүн финансылык милдеттенмелерин эсептен чыгарып салуу менен 2,3 млн доллардан кем эмес өлчөмдө);
- Тоорук катышуучусунун тажрыйбасы (подрядчы, биргелешкен ишкана боюнча өнөктөш же субподрядчы катары контракт боюнча тоорук катышуусунун наркы 6 млн доллардан ашкан акыркы беш жыл ичинде аткарылган ушул сыяктуу эки контрактка катышуу);
- иштин негизги багыттары боюнча иш тажрыйбасы (алдыңкы эл аралык тармактык практикага, баштапкы экологиялык экспертизанын жүрүшүндө аныкталган курчап турган чөйрөгө, ден соолукка жана эмгек коопсуздугуна тобокелдиктер менен таасирлерге ылайык башкаруу тажрыйбасы);
- айлана-чөйрөнү коргоо, ден соолук жана эмгек коопсуздугу жаатындагы сертификация (эмгек коопсуздугун башкаруу жана ден соолукту коргоо боюнча жарактуу ISO 45001 сертификаттын болушу же жумуш ордунда колдонулуучу эл аралык таанылган эквивалент);
- айлана-чөйрөнү коргоо, ден соолук жана коопсуздук боюнча документтер (айлана-чөйрөнү коргоону, ден соолукту жана эмгек коопсуздугун башкаруу боюнча өздүк саясаттардын жана жол-жоболордун болушу (EHS);
- айлана-чөйрөнү коргоо, ден соолук жана эмгектин коопсуздугу боюнча адистештирилген персонал (ӨЭБ маселелери менен иштеген штаттык персоналдын болушу).

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы белгиленген талаптарга жооп берген тоорук катышуучуларын чапталган конкурстук сунуштарды берүүгө чакырат.

Конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү 17-ноябрь, 2023-жыл, саат 15:00дө. Сынактык сунуштун бир түп нускасы жана эки нускасы англис тилинде чапталып, 7-апрель көчөсү 4а дареги боюнча 2-кабинетке жеткирилиши керек.

Кошумча маалымат алуу жана конкурстук документтер менен таанышуу үчүн тооруктун катышуучулары төмөнкү дарекке кайрылуулары керек: 7-апрель көчөсү 4а, төмөнкү телефон номурларына кайрылсаңыздар болот: 0312 53 36 37, 0312 65 06 02

Пикир

Оставить комментарий