• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ошто социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Ош шаарынын мэриясында КР социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин төрагасы Бактыбек Пазылов, социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери катышты.

Н.Закиров ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, калктын аярлуу катмарын сапаттуу тейлөөдөгү ак ниет эмгеги үчүн 19-октябрь – КР социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата бир катар кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан социалдык коргоонун отличниги наамы менен төш белги ыйгарылып, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын атынан Ардак грамоталар менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий